Чакыруу

«Ачык мектеп» долбоору Кыргыз Республикасынын бардык аймактарындагы мектептерди кызматташууга чакырат. Бул долбоордун автору жана аткаруучусу болуп «Тартип» жабык акционердик коому эсептелет, ал билим берүүнүн ар түрдүү секторлоруна карата маалымат системаларын түзүүдө зор тажрыйбага ээ. Долбоордун өнөктөрү төмөндөгүлөргө карата кеңири колдоо көрсөтүп, алардын өнүгүүсүнө зор салымын кошот

Долбоор өз ыктыяры менен катышуунун негиздеринде иш алып барат. Долбоордун миссиясы – окуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу, жаш муундун укуктук сабаттуулугун өстүрүү, мектепте психологиялык климатты жакшыртуу, өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн долбоордун бардык катышуучуларын заманбап онлайн-аянтчасы менен камсыз кылуу. Долбоор бул долбоордун катышуучуларынын өз ара бөлүштүрүлгөн жоопкерчилигинин, верификацияланган контенттин түзүлүүсүнүн, жашаган аймагына карабастан билим берүү кызматтарына бирдей жетүүнүн, көрсөтүлгөн кызматтардын жеткиликтүү баасынын принциптерине негизделет.

Мектептер, педагогдор, окуучулар жана алардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) үчүн долбоордо катышуунун артыкчылыктары тууралуу кененирээк маалыматты сиздер порталдын тийиштүү бөлүмдөрүнөн биле аласыздар.

Катышуучулардын ыңгайлуулугу үчүн жана Кыргызстан аймактарындагы IT-инфратүзүмүнүн ар түрдүү даражадагы өнүгүүсүн эске алуу менен, долбоордо ушул долбоордун үч программаларынын бири боюнча катышуу мүмкүнчүлүгү ишке ашырылат. Ар бир окуучу ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен биргеликте жана мектеп педагогдорунун жана жетекчилеринин коллективи менен тыгыз кызматташуу менен, ал долбоордо кайсы программа боюнча катышууну каалаганын өз алдынча аныктайт. Сиздер долбоордун программаларынын ар бири тууралуу маалыматты долбоордун 3 программалары бөлүмүнөн таба аласыздар. Долбоор 2013 – 2014-окуу жылы пилоттук баскычында «Электрондук мектеп» программасы боюнча иш алып барып жатат.

Долбоордун иштөөсүнүн башталышы – 10 октябрь 2013-жыл.

Эгерде сиздер долбоорго кошулууну чечсеңиздер, катышуу үчүн арызыңыздарды калтырыңыздар же байланыш телефондору боюнча чалыңыздар (жумуш убактысында 9:00дөн 17:00гө чейин).

Сиздерде суроолор, каалоо-тилектер, ой-пикирлер жана сунуштар болсо, zaotartip@gmail.com zaotartip@gmail.com электрондук дареги боюнча бизге жазыңыздар (билдирүүлөр күнү-түнү кабыл алынат), же болбосо байланыш телефондору боюнча чалыңыздар (жумуш убактысында 9:00дөн 18:00гө чейин). Көп берилүүчү суроолорго тийиштүү жоопторду сиздер Колдоо көрсөтүү бөлүмүнөн таба аласыздар.

«Ачык мектеп» долбоору баарыңарга жаңы билим жана технологияларды өздөштүрүүдө ийгилик каалайт!

Катышууга билдирме калтыруу